Кир жуучу күкүмчөлөрдүн да суунун сапатына зыяны чоң

04-10-2018 17:20

“Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндөгү” мыйзам долбоору даярдалууда. Депутат Экмат Байпакбаев бүгүн, 4 – октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, жашыл экономика темасынын алкагындагы пикир бөлүшүүсүн улантты.

“Чолпон – Ата шаарында туруктуу жашаган 50 миң адамга эсептелген суу тазалоочу жай болгону менен, жайкы эс алуу убагында 500 миңге жакын, ал эми Туризм департаментинин тастыктоосу боюнча 1,5 млн. ашык туристтер келип жатпайбы? Анда суулардын сапаты, алардын кайра иштетилиши кандай? – деген суроо жаралат. Ошондуктан, суроонун олуттуулугун билип, чет элдик донорлор дагы бизге кол сунуп жатканы жакшы. Болгону каражатты өз нугуна жумшап, биринчи зарылчылыкта турган суу тазалоочу курулмаларды иштетип кетишибиз керек”, - дейт депутат Э.Байпакбаев.

Ошондой эле депутат көл кылаасында желим баштыкчалар менен желим бөтөлкөдөгү суусундуктарды колдонууга тыюу салуу керектигин билдирди. Бул багытта иштелип жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу да маалымат берди. 

Грузия, Молдова, Жаңы Зеландия мамлекеттери желим баштыкчаларга таптакыр тыюу салып жатса, бизде эмнеге ушундай кадамдарды тажрыйбалоого болбосун?! Бул багытта парламенттин чечкиндүү чечимдерди кабыл алышы зарыл, - дейт эл өкүлү.

Ысык – Көл областында таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана ачылса, абал бир топ жеңилдемегин да кошумчалады эл өкүлү. 

Көл аймагында саркынды сууларды тазалоо багытында атайын схемалык чиймелер даярдалгандыгын уктурууга катышкан КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди. Ошондой эле ал суунун баркын баалай билүүгө чакырды. “Колдонуудагы суунун 1000 литри үчүн 5 сом 38 тыйын төлөнөт. Ошону да кымбат дегендер бар. Ал эми дүкөндөрдөгү сатылган идиштеги суунун бир литри 20 сом турса, аны көпчүлүк элес албайт. Ошондуктан, суунун тарифи да өзүнчө маселе”, - дейт адис. 

Окумуштуу, академик Эмиль Шүкүровдун айтымында, көлдүн биосфералык аймагын бир гана желим баштыкчалар менен желим бөтөлкөлөр эле булгап жаткан жок. “Азыр эл кеңири колдонуп жаткан кир жуучу күкүмчөлөрдүн да сууларга кошулуп, зыянын тийгизип жаткандыгы өкүнүчтүү”, - дейт илим тармагынын өкүлү. 

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 294

Окшош жаңылыктар