Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Чек арага чектеш жайгашкан аймактарды социалдык-экономикалык жактан колдоо улантылат

13-09-2016
16:32

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы №2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы №382 токтом колдоого алынды.

КР Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү К.Искандаров өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытында кабыл алынган Мамлекеттик программа үч этапта ишке ашырылгандыгын, 2 млрд. сомдук жумуштар аткарылгандыгын билдирди.

Мындан тышкары, башта 4 млрд. сомдук каражат жумшалары болжолдонгон программаны мындан ары улантуу багытында, белгиленген үч этаптын мөөнөтүн узартуу демилгеси келип чыкканы белгилүү болду. Ага ылайык, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган биринчи этапты 2018-жылга чейин узартуу пландалса, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча программанын экинчи этабын 2019-жылга чейин узартуу мерчемделүүдө. Ал эми калган облустардагы чек арага чектеш жайгашкан аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн иштелип чыккан үчүнчү этаптын мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартуу зарылдыгы бар.

КР ЖК Басма сөз кызматы