ЖАҢЫЛЫКТАР 14.09.16.

14-09-2016 08:07

Бүгүн, 14-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бириктирилген варианты каралат. Ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  да үчүнчү окууга чыгат. “Паралимпиадалык спорт жөнүндө” Мыйзамдын долбоору болсо экинчи окууда талкууланат.  “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору да күн тартибине  экинчи окууга киргизилмекчи.  Жалпысынан бүгүнкү жыйындын кароосунда 10 маселе бар. Алардын акыркысы   Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай  Жээнбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына сунушталган Түгөлбай Казаковдун талапкерлиги каралат. Бул маселе кечээ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жана  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жактыруусуна ээ болгон.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюгча комитети «Тышкы миграция жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат  Алмазбек Баатырбековдун белгилешенче, буга чейин башаламан болуп, талаш-тартыштарды жаратып келген визанын бирдиктүү стандарты КР Өкмөтү тарабынан бекитилет. Андан сырткары, тышкы миграция боюнча ыйгарым укуктуу орган да так аныкталат.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин кезектеги жыйынында сот реформасынын алкагында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып жатканда, депутаттар 2016-жылдын 27- августунда Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрт кырсыгынан улам 17 адамдын, анын ичинде 14 кыргыз жаранынын каза болгонуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин жүрүшүнө кызыгышты. Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова кылмыш иши чет өлкө аймагында болгондуктан, аны Орусиянын Тергөө комитети жүргүзүп жатканын билдирди. Ошондой эле, эки тараптуу келишим жок болгондуктан, азырынча Башкы прокуратура Орусиянын Тергөө комитетине кайрыла электиги белгилүү болду. Анын, айтымында Орусиянын прокуратурасы менен байланыш бар, эгер кылмыш иши туура эмес жүргүзүлсө, ага дароо кайрылууга болот.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде «Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддердин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 1-окууда каралды.  Баяндамачы КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, ратификациялык мыйзам долбоору КМШга мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу концепциясына ылайык иштелип чыккан. Макулдашууну ратификациялоо дыйкандардын керектөөсүн туруктуу канааттандыруу үчүн КМШга мүчө-мамлекеттердеги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун үрөндөрүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн отургузуу материалын өндүрүү жана жеткирип берүүнүн мамлекеттер аралык адистештирүү чөйрөсүндөгү селекция жана үрөн чарба тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Комитет мүчөлөрү биздин мамлекеттен сыртка карагат, кара өрүк, алма жана башка өсүмдүктөрдүн көчөттөрү же үрөндөрү чыгарарын, сырттан келген көчөттөрдүн сапаты жана башка маселелерди тактагандан кийин аталган ратификациялык мыйзам долбоорун 1-окууда колдоп беришти.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кечээки, 13-сентябрдагы олтурумунда Улуттук онкологиялык борбордун ишин иликтөө боюнча жумушчу топтун  маалыматын укту. Бул багытта баяндама жасаган депутат, жумушчу топтун төрайымы Айсулуу Мамашеванын айтымында, 2015-жылы 3400 киши онкологиялык оорудан каза тапкан. Бул үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек?!-дейт А.Мамашева.

                                    СНХ.А.МАМАШЕВА

Азыркы мезгилде кимдер бай? Ооруканалардын башкы дарыгерлери  бай! Мындай пикирин ортого салган Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер Нияз буларды атады:

                                    СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар арасындагы негизги флагмандардын бири. Анда 1020дан ашык кызматкерлер иштесе, алардын 70и Жогорку аттестациялык комиссиядан өткөн илимдин докторлору. 300ү илимдин кандидаттары, доценттер. Европалык деңгээлдеги биринчи даражадагы илимдин докторлорунан үчөө эмгектенишет. Ал эми эки ишти бирдей айкалыштырып иштеген окутуучулар 600гө чамалуу. Бул тууралуу маалыматтар Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин олтурумунда каралып, депутат Е.Строкованын баяндамасы угулду. Анда камтылгандай, ири жамааты бар улуттук инверситеттте 21 декан болсо, алардын 9у кабыл алуу комиссиясынын курамына, окумуштуулар кенешинин мүчөлүгүнө, факультеттеги окумуштуулар кеңешинин түзүмүнө киргизилген эмес.

                                   СНХ.Е.СТРОКОВА

                              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-сентябрда Ысык-Көл облусунда жана Кыргыз тоо кыркаларынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:21...26, Талас:19...24, Ош, Жалал-Абад:23...28, Баткен:22...27, Ысык-Көл:16...21, Нарын:17...22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы 23...25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 1998

Окшош жаңылыктар