Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар тобу өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу демилгесин көтөрдү

15-06-2016
10:09

Жогорку Кеӊеште Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеӊейтүүгө багытталган “КР Өкмөтү жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Искендер Матраимов, Узарбек Жылкыбаев, Гүлкан Молдобекова.

Иштеп жаткан мыйзамда өкмөт мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуу үчүн айрым негиздер (антты жана ченемдик укуктук актыларды бузуу) белгиленгени менен, кызмат ордунан ким жана кандай тартипте бошотулары так аныктаган эмес. Ушул мүчүлүштүктү жоюу максатында, мыйзам долбоору аркылуу бул маселени чечүүнүн бирдиктүү тартиби белгиленүүдө, атап айтканда, Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент Өкмөттүн мүчөсүн, тагыраак айтканда, өкмөт мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотот.

Андан тышкары, өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзам өкмөт мүчөсүнө ишенимди жоготууга алып келе турган аракеттерди же аракетсиздиктерди кылгандыгы үчүн аны кызмат ордунан бошотуу мүмкүнчүлүгүн караган 11-пункт менен толукталууда.

Тармактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, иштеп жаткан мыйзамда өкмөт мүчөсүн бошотуу жолжоболору так аныкталбай калган. “Азыркы мыйзам долбооруна ылайык, Премьер-министр өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштама берет. Ал эми Президент ал сунуштаманы негизсиз деп тапса, өкмөт мүчөсү өз кызматында иштей берет”, - дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы