ШКУга мүчө-мамлекеттер экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү боюнча мыйзамдарын бир түргө келтирүүдө

11-10-2018 12:10

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңеши тарабынан кабыл алынган. Конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыкчам иликтөө, тергөө сындуу иш-аракеттердин алкагында алдын алуу, экстремизмге биргеликте каршы аракеттенүү, укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү өз ара механизмдерин түзүп, экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы тараптардын мыйзамдарын бир түргө келтирүүгө жол ачат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 731

Окшош жаңылыктар