Республика боюнча азыркы тапта 3 нөөмөт менен окуп жаткан 158 мектеп бар

22-10-2018 18:19

2018 – жылдагы республикалык бюджеттин “капиталдык салымдар” беренеси боюнча 255 объектинин тизмеси каржыланат деп көрсөтүлгөн. Ага кетүүчү чыгымдардын эсеби 2 млрд. 288 млн. 444 миң сомду түзөт. Бул тууралуу маалыматтар Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 22 – октябрдагы олтурумунда айтылды. Тармактык комитет “Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын курулушу жөнүндөгү” маселени карап, КР Вице – премьер – министри А. Өмүрбекованын маалыматтарын укту.

Өкмөт өкүлү белгилегендей, 178 билим берүү мекемелеринин курулушу каралса, 59 билим берүү объектилерин капиталдык ремонттон өткөрүү жагы пландалган. Ушул 2018 - жылдын 20 – октябрына карата 35 мектептин курулушу аяктап, 4 балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлгөн. Жыл акырына чейин жалпысынан 39 мектептин ишке берилиши күтүлүүдө, - деп айтылат министрлер кабинетинин маалыматтарында.

Талкууда депутат Т.Зулпукаров, - “Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде эле окуучулардын саны арбып жаткан жок. Мындай көрүнүш Ноокат районундагы Крупская атындагы мектепте да орун алган. Ал 600 орунга эсептелген менен, андагы окуучулардын эсеби 3280ден ашып кеткен. Ушундай үч нөөмөт менен окуган баллардын билим сапатына кандай деп баа берилет?” – дейт.  

Мамлекеттик – жеке менчик өнөктөштүгү мектептерди курууда дагы колдонулса жакшы болмок, - деп сунуштады  депутат. Демилгеге ынанган А.Өмүрбекова бул ыкманы 2019 – жылдан тартып бакчаларды курууда колдонсо болоорун билдирди.

Депутат Е.Строкова балдар бакчалары  менен мектептерге кирүү үчүн уюштурулган электрондук кезекке туруунун канчалык калыс жыйынтык берип жаткандыгына кызыкты.

Депутат Ж.Акаев менен А.Касымалиева региондогу мектептердин кыбыраган курулуштарында качан жылыш болорун такташты.

Республика боюнча азыркы тапта 3 нөөмөт менен окуп жаткан 158 мектеп бар. Бул тууралуу маалымат менен КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекова бөлүштү. Класстагы окуучулардын саны 40 – 45тен ашып кеткен абал Бишкек шаарында, Чүй, Ош областтарында орун алган, - дейт министрдин орун басары. 

Талкуу жыйынтыгында “Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын курулушу жөнүндөгү” өкмөттүн маалыматы эске алынсын деп табылды.

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 676

Окшош жаңылыктар