Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, экологдор, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Депутат Экмат Байбакпаев 2015-жылдын октябрында Бишкекте Кыргызстан аймагында илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөндүгүн, анын жыйынтыгында 2014-2020-жылдарга карата илбирстин экосистемасын сактоо боюнча Глобалдуу программа кабыл алынгандыгын эске салды. “Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстанда илбирстин саны эки эсе азайывп кеткен. Бул көйгөйдү чечүү үчүн комплекстүү мамиле керек. Илбирстин саны көбөйтүү – бул баардык биологиялык системанын туруктуу жана нормалдуу корголушунун көрсөткүчү”,- дейт эл өкүлү.
Парламенттик угуунун жүрүшүндө Кыргызстанда аңчылык жана аңчылык чарбасы чөйрөсү менен ишкерлик кылган 52 юридикалык жак бар экени белгилүү болду. Алардын 42си жеке мергенчилик фирмалар (ЖЧК), 9у коомдук жана бирөө мамлекеттики (Жаратылыш ресуртстарын ырааттуу пайдалануу департаменти). Аңчылык кылуунун жалпы аянты 14,4 млн гектар. Алардын 7,2 млн гектары мамлекетке таандык, 3,2 млн гектары коомдук жана 4 млн гектар жер жеке жактардыкы.
Талкуунун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору менен 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын баардык территориясында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага (Ovis ammon), тоо эчкисине (Capra sibirica), эликке (Capreolus pygargus), маралга (Cervus elaphus asiaticus), каманга (Sus scrofa) аңчылык кылууга мораторий киргизилип жаткандыгы белгиленди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттик угуунун жыйынтыгы менен катышуучулар тарабынан айтылган сунш-пикирлер эске алынып, карала тургандыгын билдирди.
Талкуу жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары жогорудагы жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүү менен илбирстин популяциясына оң таасири тиерин белгилешип, 2030-жылга чейин аларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоого алышты. Соңунда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен парламенттик угуунун сунуштамасы кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы