Айыл чарбасындагы бюджеттин 80 пайызы суу чарбасына жумшалат

30-10-2018 17:44

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү жана энергосистеманын эртеңкиси тууралуу маек курду.

Эл өкүлүнүн айтымында, айыл чарба тармагына акча каражаты аз бөлүнүп, иш солгундоодо. Аталган тармакка каралган бюджет 1 млрд 714 млн сомду түзсө,  анын 80 пайызы суу чарбасына жумшалат. Ошондуктан, айыл чарбасынын бюджети колдоого муктаж. “Биз көп учурда финансылык каражаттарды экономикага пайда алып келбеген жакка коротуудан корушубуз керек”, - дейт эл өкүлү.

Кыргызстан агрардык өлкө. Андыктан, ар бир региондун өзгөчүлүктөрүн эске алуу кажет. Мисалы, дыйкандар Баткенде өрүк, Таласта төө бурчак, ал эми Ысык-Көлдө жемиш бактарын өстүрүүгө басым жасашууда, - деген депутат мал чарбачылыгындагы жагдайларга да токтолду.

Нарын облусунда негизинен мал чарбачылыгы боюнча көрсөткүчтөр жакшы. Ошондуктан, кайра иштетүү өнөр жайларын ачуу бүгүнкү күндүн талабы, - деди фракция лидери.

Андан тышкары, шаарлардагы шарттарга да токтолгон парламентарий, - калаалардагы жарыктандыруу иштеринен кабар берди. Эл өкүлүнүн маалымдашынча,  “Өнүгүү –Прогресс” фракциясы жер - жерлердеги  шаардык кеңештин  депутаттары менен биргеликте иш алып барып, жарыктандыруу жумуштарына 400 млн сом акча бөлдүрткөнгө жетишти. “Биз шаарлардын ролун жогорулатуубуз абзел. Билим сапатын арттырып, жаштарыбызга татыктуу таалим берүүдө коомчулуктун кайдыгерлигине жол берилбеши керек", - деди Б.Төрөбаев.

“Жаңы түшкөн айылдарга электр энергиясын Энергохолдинг жеткирип берүүгө милдеттүү. Жарык барган жерге жолдор салынып, таза сууну электр энергиясы аркылуу тартып чыгарса болот”, - деген депутат ички миграциянын абалы боюнча да ой бөлүштү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 744

Окшош жаңылыктар