Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊеште тармактык комитеттин төрагасын шайлоо жолжоболору жүрүүдө

15-09-2016
12:52

Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө маселе каралууда.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төралыгына КСДП фракциясынын депутаты Кодуранова Асел Союзбековна менен «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын депутаты Шайназаров Тынчтык Ураимовичтин талапкерлиги каралууда.

Эске салсак, Жогорку Кеештин Регламентине ылайык, тармактык комитеттин төрагасы шайлоо бюллетень менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Ушу тапта шайлоо жолжоболору улантылууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы