Мектеп, бала бакча, жолдор боюнча курулушу бүтө элек обьектилер бүткөрүлмөйүн, жаңылары башталбайт

05-11-2018 15:50

Депутат Улан Примов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттин көлөмүн тийиштүү деңгээлде бөлүш керек экенин айтып, быйыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жергиликтүү бийлик бир топ иш чараларды өткөрүүдө, - деди бүгүн, 5 – ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде. Ошондой эле депутат, - Улуу Ата-Мекендик согушта дайынсыз жоголгон мекендештерибиздин сөөктөрү башка мамлекеттен табылган учурда, алардын жакындары маркумга топурак салуу үчүн барып келген чыгымдарды мамлекет төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү зарыл, -  деп белгиледи.

Ушул эле уктурууга катышкан Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков 2019-жылга болгон республикалык бюджеттин мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди. Адистин айтымында,  быйылкы жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 151, 5 млрд, чыгаша бөлүгү 161,7  млрд. сомду, ал эми дефициттин пайыздык көрсөткүчү 1,7% ды түзөт.

Социалдык жана капиталдык курулуштардын жүрүшүнө токтолуп, - “Мектеп, бала бакча, жолдор боюнча биз биринчи курулуш обьектилеринин аягына чыкмайынча башка жаңы курулуштарды баштабашыбыз керек. Антпесе, бюджеттин тартыштыгынан ал обьектилер бүтпөй калууда”, - дейт Мирлан Байгончоков.

Ошондой эле ал депутаттар демилгелеген мамлекеттик деңгээлдеги мааркаелерди кыскартып, бюджеттеги чыгымдарды азайтуу боюнча маселе азырынча талкуулана электигин да билдирди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 749

Окшош жаңылыктар