Парламенттик угууда Социалдык фонддун 2019-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча маалымат берилди

05-11-2018 16:10

Жогорку Кеӊеште «“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, адистер менен эксперттер катышып жатат.

Жыйын жүрүшүндө Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев 2019-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд 61 млн 345 миң сом, 2020-2021-жылдарга 57 млрд 426 млн 512 миң сом жана 60 млрд 992 млн 94 миң сом көлөмүндө түзүлгөндүгүн билдирди. “2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23 пайызы Пенсиялык фондго, 2 пайызы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерилет”, - деди ал.

Ошондой эле, 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32 млрд 744 мле 294 миң сом өлчөмүндө пландалганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 20 млрд 965 млн 930 миң сом өлчөмүндө каралган. Пенсиялык фонддун кирешелери 2019-жылы 49 млрд 763 млн 114 миң сом көлөмүндө пландалууда. 2019-жылга бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 659 209,5 миң сом көлөмүндө каражаттар каралууда.

Парламенттик угуу уланууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1652

Окшош жаңылыктар