2019-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча парламенттик угууда айтылган сунуш-пикирлер тармактык комитеттин жыйынында эске алынат

05-11-2018 17:37

Жогорку Кеӊеште «“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу болуп өттү. Иш-чарага КР Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, адистер менен эксперттер катышты.

КР Экономика министри Олег Панкратов 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдаргаболжол тууралуу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча баяндама жасады. Ал эми КР Каржы министри Адылбек Касымалиев негизги каржылык көрсөткүчтөр боюнча жалпы маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айыл чарбасын колдоого багытталган каржылоону дыйкандарга берүү механизмин карап чыгуу сунушу болду. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен билим берүү тармагын каржылоо кайра кароо менен айылдын башка көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт эле деген каалоолор болду. Келерки жылдын бюджетинин долбоорунда жергиликтүү органдардын ишин жеңилдетүүчү жагдайлар дагы орун алгандыгы белгиленип, ошол эле маалда маселен, Айыл чарба министрлигине тиешелүү каналдарды тазалоого көп каражат кетип, айылдарды өнүктүрүүгө максатталган каражаттар кыскарып калган учурларга маани берүү өтүнүчү айтылды.

Мындан сырткары, республикалык бюджеттин теңдөөчү гранты, салттуу эмес кирешелер боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле каржылык дисциплинаны бекемдөө, мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү жана мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жаатында пикирлер талкуунун өзөгүн түздү.

Соңунда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев иш-чараны жыйынтыктап жатып парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди  бюджет долбоорун комитетте кароодо эске алынарын билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2003

Окшош жаңылыктар