Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинин төрайымдыгына Асел Кодуранова шайланды

15-09-2016 13:42

Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасын шайлоо жөнүндө маселе каралып, депутаттардын 72 добушу менен тармактык комитеттин төрайымдыгына КСДП парламенттик фракциясынын өкүлү Кодуранова Асел Союзбековна шайланды. Ал эми анын атаандашы – «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын өкүлү Тынчтык Шайназаров 46 добушка ээ болду.

Жогорку Кеӊештин бир катар депутаттары Асел Кодуранованы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымдыгына шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал эми Асел Кодуранова чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Депутат Асел Кодуранова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымдыгына шайланганы тууралуу токтом кабыл алынды.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3161

Окшош жаңылыктар