Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштардын жерлерин субижарага бербөө сунушталууда

15-09-2016 15:33

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Жер пайдалануу жаатындагы КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга) каралды.

Демилгечилердин бири депутат Максат Сабировдун айтымында, мыйзамн долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Долбоордо КР Жер кодексине, КР Турак жай кодексине, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин бир катар статьяларына, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.

Анда мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштардын жерлери субижарага берилбестиги, ошондой эле калктуу конуштардын жерлери категориясынын аймагында жерлердин башка тиешелүү категориялары болбостугу боюнча ченем каралган. Ошону менен катар үйдүн тегерегиндеги жер участогун кошпогондо, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктери бир жылга шериктикке таандык мүлктөрдү убактылуу пайдаланууга берүүгө укуксуздугу, ошондой эле аларга электр энергиясын тиешелүү үйдөн башка турак, соода жана өнөр жай объекттерине берүүгө жана үйдүн тегерегиндеги участок жагынан кандайдыр-бир коммерциялык аракеттерди жасоого (аны сатууга, тартуулоого, күрөөгө берүүгө же ижарага тапшырууга жана аны мыйзамдарга карама-каршы келген башка ыкма менен тескөөгө) тыюу салынаары белгиленген.

Көрсөтүлгөн ченемдерди сактоо максатында жасалган укук бузуунун мүнөзүн эске алуу менен жарандарга, юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына карата администрациялык жоопкерчилик киргизилген.

Талкууда бир катар депутаттар турак үйлөрдүн 1-кабаттарынын конструкциясын өзгөртүүгө жол берилип кетпешин эскертишти. Ошону менен катар турак үйлөрдүн ортосундагы жерлерди 49 жылга эмес, 1 жылга гана ижарага берилери такталды.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2945

Окшош жаңылыктар