Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууларда кабыл алынды.
КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ:
- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Нурбаев А.М., Жамангулов А.Ж., Төлөнов Д.Э., Матраимов И.И., Никитенко Н.В. жана Өкмөт, 16.05.16дагы № 250 токтом);
2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “Паралимпиадалык спорт жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.10.15теги № 745 токтом);
- “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.02.16дагы № 59 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Yй-бүлө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине) (демилгечилер – депутаттар Салянова А.Ж., Текебаев Ө.Ч., Сулейманов Б.И., Токтошев Э.Т., Асылбаева Г.К., Исмаилова А.Ж., Джакупова Ч.И., Масалиев И.А.);
- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.06.16дагы № 341 токтом);
1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 367 токтом);
- “Париж шаарында 2016-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 368 токтом);
- “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 01.06.16дагы № 291 токтом);
- “Жер пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Сабиров М.Э., Бакиров М.И., Жунус уулу Адыл, Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Мавлянова М.Э.);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи - Өкмөт, 07.05.16дагы № 234 токтом).
ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:
- “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.05.16дагы № 253 токтом);
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы