Юридикалык жактарды жоюу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт

15-09-2016 15:45

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга) 1-окууда каралды.

Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанов мыйзам долбоору юридикалык жактарды жоюунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө жана ар кандай деңгээлдеги юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталгандыгын билдирди. Юридикалык жак өзүн жоюлушу жөнүндөгү чечими жана ликвидациялык комиссиянын чечими берилиши керек болсо, бүгүнкү күндө мындай 2 чечимдин зарылчылыгы жок. Мындай жагдай жоюу процессинин татаалдашына жана иштин ашыкча создугуусуна алып келет. Ошого байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизилүүдө.

Жыйында аталышы чет тилдердеги же сандардын комбинациясы көрсөтүлгөн мекеме-уюмдарды, фирмаларды каттабоо, же мамлекеттик тилде жазуу, буга мамлекеттик мамиле зарылдыгы, ошондой эле буга чейин катталган чет тилдердеги уюмдарды кайра мамлекеттик тилге которуп каттоо боюнча сунуштар айтылды. Мындан сырткары, юридикалык жактарды каттоону электрондук форматка өтүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Мыйзам долбоору сунуш-пикирлерди эске алуу менен добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 769

Окшош жаңылыктар