Сайдулла Нышанов: - “Ар бир айдоочу жол белгилерин 5 чакырым алыстыктан даана көрүп, анын тартибине баш ийгендей болуш керек”

15-09-2016 17:02

Депутат Сайдулла Нышанов өлкөдө орун алып жаткан автокырсык кесепеттерин Жогорку Кеңештин тармактык комитети иликтөөгө алышы керек,- деп эсептейт. Канчалаган адамдардын өмүрүн алган жол кырсыктары кескин чара көрүүнү талап кылат. Буга сатылып жаткан айдоочулардын күбөлүгүнүн да терс таасири тийип жатат,- деген  эл өкүлү бүгүн, 15-сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочулар айып пул төлөп эле кайра айдоочулук күбөлүктөрүн алып албастан, алар кандайдыр бир 10 күндүк болобу, атайын курстардан өткөндөн кийин гана ошол күбөлүгүн кайра кайтарып алгандай болсо, абал жакшырмак,- деп сунуштайт депутат.

Ошондой эле ар бир айдоочу жол эрежелерин сактап, жол боюнда коюлган белгилерге олуттуу көңүл бурганда жол коопсуздугу сакталмак деген депутат ар бир айдоочу жол белгилерин 5 чакырымдык алыстыктан эле даана көрүп, анын тартибине баш ийгендей болуш керек,- деп эсептейт. “Анан дагы айдоочулук күбөлүктү алган чет өлкөлүк улан-кыздардын ата-энелери ошол айдоочулук кылган балдарынын жанында дээрлик 1 жыл коштоп жүрөт экен. Ошол тажрыйба туура. Бул жоопкерчиликти күчөтөт. Бизде деле аны тажрыйбаласа болот”,- деген депутаттын пикири да ортого салынды.

Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынын башкы врачы Талантбек Өмүрбеков дагы атайын байланышка чыгып, уктуруунун жүрүшүндө жаш балдардын жол кырсыгына учурашы боюнча статистикалык маалыматтар менен тааныштырды. Башкы дарыгердин айтымында, 2015-жылы жол кырсыгынан жабыркап, аталган ооруканага кайрылган балдардын саны 851ди түзгөн. Ал эми 2014-жылы 747 бала медициналык жардам сурашкан. “Каза болуп калгандарынын саны 2015-жылы 3,9% болгон. 2014-жылы болсо ал көрсөткүч 6,1% болчу. Бул Бишкек шаарындагы эле көрсөткүч”,- дейт дарыгер.

Ошондой эле жол кырсыгына кабылгандарга биринчи жардам көрсөтүүдөгү транспортировкалоонун да мааниси чоң. Эгер сынык болсо, аны туура таңып анан ооруканага жеткирүү талап кылынат. “Бирок, айрым учурда жол кырсыгыгынын катышуучулары аны эске албастан, жабырлануучуну тезинен ооруканага жеткирүүнүн аракетин көрүшөт да, сынган жердин ого бетер оорлоп кетишине жол берип коюшат. Ошондуктан, ар бир жаран ушундай кокустуктарда биринчи жардам көрсөтүүнүн жөнөкөй элементтерин билиш керек”,- дейт Т.Өмүрбеков.  Андан тышкары ал автоунааларда  ооруксунууну басаңдатуучу тиешелүү дары-дармектерди камтыган дары кутучасы болууга тийиш экендигин да эскертип өттү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 613