Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КСДП парламенттик фракциясында 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоору каралууда

16-09-2016
10:54

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын бүгүн, 16-сентябрда өтүп жаткан жыйынында мамлекеттин башкы каржы документи болуп саналган «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору карала баштады. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Жыйын жүрүшүндө бир катар депутаттар адегенде 2016-жылдын бюджетинин аткарылуу жүрүмү тууралуу маалымат угуп, андан кийин келерки жылдын бюджетинин долбоорун кароо туура болорун белгилешти. Мындай пикирди моюнга алган каржы министри Адылбек Касымалиев мындай жагдайды иштеп жаткан бюджеттик мыйзамдарда келерки жылдын бюджетинин долбоорун парламенттин кароосуна сентябрь айында киргизүү, ал эми бюджеттик жылдын аткарылышы жөнүндөгү маалыматты октябрь айына чейин киргизсе болору жазылып калганы менен түшүндүрдү. “Ошондон улам, мындай мүчүлүштүктү эсе алуу менен, 2017-жылдын январь айынан тартып күчүнө кире турган жаӊы Бюджет кодексинде бюджеттик жылдын аткарылышын карап, андан кийин келерки жылдын бюджетинин долбоорунун аткарылышын кароого өтүү жобосу камтылган”, - дейт ал.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 2017-жылдын бюджетинин долбоору быйыл эрте даярдалып, парламенттин кароосуна сентябрь айына чейин келип түшкөнүн эске салып, фракциялаштарын бюджет долбоорун карай берүүгө чакырды. “Албетте, депутаттардын Өкмөткө койгон талабы туура, аны мындан ары эсе алышы керек. Эсиӊиздерде чыгар, буга чейин келерки жылдардын бюджеттеринин долбоорлору дайыма кечигип келип, биз кароого аргасыз болчубуз. Бул жолу эрте келди. Көч бара-бара түзөлөт деген ойдомун”, - деп кошумчалады фракция башчысы.

КСДП фракциясынын жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоорун кароо жолжоболору улантылууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы