2017-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралганы белгилүү болду

16-09-2016 11:18

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында КР Өкмөтү тарабынан сунушталган «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча маалымат угулууда.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 2017-жылы 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылга бекитилген бюджеттен 2 428,9 млн сомго көптүк кылат. Ал эми 2018-2019-жылдаргы мезгилге карата республикалык бюджеттин кирешелери 129 769,1 млн сомду жана 138 188,3 млн сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2017-жылга 150 150,5 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 3 297,1 млн сомго көп.

Ал эми 2017-жылга республикалык  бюджеттин тартыштыгы 23 321,9 млн. сомду түзө турганы белгилүү болду. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 4,7 пайызды түзөт. Бюджет тартыштыгын жабууга 23 321,9 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 676

Окшош жаңылыктар