КСДП фракциясы 2017-жылга карата республикалык бюджет долбоорун жактырды

16-09-2016 13:14

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору талкууланып жатканда, бир катар депутаттар келерки жылдын бюджет долбоорунда каралган салыктык каражаттардын түшүү абалына кызыкты. Алардын пикиринде, бюджет долбоорун иш жүзүндө аткарыла тургандай түзүү зарыл, бир катар долбоорлордун ишке ашуусу күмөн.

Жыйын жүрүшүндө быйыл республикалык бюджетинин аткарылышы жаатында кыйла оор жыл болгону, 2016-жылдын бюджетинен көптөгөн каражаттар түшүп калганы белгилүү болду. Азыр алардын ордун толтуруу аракеттери көрүлүүдө. Каржы министри Адылбек Касымалиев 2017-жылы бюджет үчүн быйылкыдан да оор, бюджеттик түшүүлөрдүн төмөн болору күтүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, мунун бир топ жүйөлүү себептери бар.

Ошондой эле, айрым депутаттар министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин чыгымдары чоӊ экенин, бюджеттик каражаттар уурдалып жатканын айтышты. Депутат Рыскелди Момбеков алар кыскартууга барбай, тескерисинче, өз чыгымдарын көбөйтүп жатканын баса белгиледи. Депутат Айнуру Алтыбаева 2017-жылы салыктан түшүүчү киреше 2,2 пайызга же 2,5 млрд сомго кемий турганын эске салып, өкмөт өкүлдөрүн анын ордун толтура турган каражат булактарын азыртан издей баштоого чакырды. Ал эми депутат Узарбек Жылкыбаев жеке менчик пансионаттардын бюджеттик төлөмдөрүнө иликтөө жүргүзүп, алардын салык өлчөмүн көбөйтүү талабын койду.

Андан сырткары, эл өкүлдөрү Каржы министрлиги тарабынан капиталдык салымдар тизмесине кирген көптөгөн социалдык объектилердин курулушуна акча бөлбөй жатканын сынга алышты.

Талкуу жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору жактырылды. Ошону менен бирге, КР Өкмөтүнө мыйзам долбоору парламентте каралганга чейин бюджет тартыштыгын жана бюджеттен түшүп калуулардын ордун жаба турган каржы булактарын караштыруу тапшырмасы берилди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1291

Окшош жаңылыктар