«Республика – Ата Журт» фракциясы Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды

16-09-2016 13:22

Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын кезектеги жыйынында депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «КР Конституциясына өзгөрдүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов Баш мыйзамга Жогорку Кеӊештин депутаты депутаттык мандатын сактоо менен, премьер-министр же вице-премьер-министр кызмат орундарына дайындала ала турганы, фракция парламенттик көпчүлүк коалиция курамынан чыгуу жөнүндөгү чечимди фракция депутаттарынын үчтөн экиден кем эмес бөлүгүнүн добушу менен кабыл алары сындуу бир катар жаӊы ченемдер киргизилип жатканын эске салды.

Жыйын жүрүшүндө Баш мыйзамга сот тутумуна байланыштуу маанилүү жоболор киргизилип жатканы белгилүү болду. Фракция башчысынын айтымында, таза иштебегендигине байланыштуу кызматтан бошотулган судьянын мамлекеттик кызматта иштей албай турганы тууралуу ченем да сот акыйкаттыгын орнотуу жаатында кыйла мааниге ээ.

Депутат Курманкул Зулушев мындай чектөө туура эмес экенин, андай судьяларга 3-5 жылдык мөөнөт коюп, ал мөөнөт өткөн соӊ, мамлекеттик кызматта иштөөгө жол ачуу туура болорун айтты. Андан сырткары, эл өкүлү депутаттардын санын 90 мандатка чейин кыскартып, парламенттин иш натыйжасын арттыруу максатында, можаритардык шайлоо тутумун киргизүү сунушун берди. Ал эми депутат Руслан Казакбаев Өкмөт Конститутцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөр тууралуу калкты жетиштүү деӊгээлде маалымдар кыла албай жатканын белгиледи.

Фракция жетекчиси депутаттардын пикирлерин колдоо менен, өкмөт өкүлдөрүн бул багытта калкка туура жана жетиштүү маалымат берүү чараларын көрүүгө чакырды.

Талкуу жыйынтыгында «КР Конституциясына өзгөрдүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жактырылды.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2725

Окшош жаңылыктар