Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

СДПК фракциясы 2017-жылдын бюджетинин концепциясын жактырды

16-09-2016
15:10

СДПК парламенттик фракциясынын депутаттары 16-сентябрдагы фракциянын жыйынында «2017-жылга карата КРнын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата прогноздор жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты.

Кажры министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, мыйзам долбоору Кыргызстандын 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга карата прогноздор боюнча Бюджеттик резолюцияда аныкталган пприоритеттерди жана багыттарды эске алуу менен даярдалды. Ошондой эле 2017-жылдын 1-январынан Бюджеттик кодекстин киргизилиши да эске алынган.

Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси гранттарды жана мамлекеттик сырткы инвестицияларды эске алганда 2017-жылы 140 млрд. 932,5 млн.  сом, же ИДПнын 28,5 %ы болору каралууда. 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 500,6 млн. сомго аздык кылат. 2018-2019-жылдарга карата кирешелер 144 млрд. 725,2 млн. жана 153 млрд. 971,6 млн. сомго өсөт.

«2017-жылдын бюджетинин жалпы чыгашасы 164 млрд. 254,4 млн. сомдун (33,2%) тегерегинде болору каралууда. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 367,5 млн. сомго көптүк кылат», - деди министр.

 А. Касымалиевдин белгилөөсүндө, 2017-жылдын республикалык бюджетинин дефицити 23 млрд. 321 млн. сомду түзөт. Бул ИДПнын 4,7 %ына барабар.

 Депутатар Искендер Матраимов бюджеттик дефицит жогору болуп жаткан чакта Каржы министрлигинин чыгашалары бир нече эсеге көбөйүп кеткендигине кызыкты.

«Алсак,  2016-жылы Каржы министрлигинин бюджети 917 млн. сомду түзсө, 2017-жылы министрлик өзүнө  1 млрд. 125 млн. сомдук бюджетти  бекиткени жатат. Биз чыгашалардын беренесин  анализдеп көрдүк, ошол эле мезгилде маяналарды, коммуналдык кызматтарга төлөмдөр боюнча чыгашаларды караган жокпуз. Мисалы, «товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» боюнча 2215-беренеде 2016-жылдын бюджетинде 2 млн. сом каралса, 2017-жылдын бюджетинде 54 млн. сом каралып жатыптыр. «Жумушчу сапарлар» боюнча берене 8 млн. сомдон 12,7 млн. сомго көбөйгөн. Ушундай эле абалды Мамлекеттик антимонополия кызматынан да көрүүгө болот. Мындан 2215-беренеси боюнча чыгашалар 1,6 млн. сомдон 28 млн.го көбөйгөн. Мына, биздин бюджеттин дефицити кайда жатат», - деди эл өкүлү. Ал буларды айтуу менен өкмөт мүчөлөрүн чыгашаларды оптимизациялоого чакырды.

Каржы министри А. Касымалиев мамлекеттик органдардын бюджетинин кескин өсүүсү атайын каражаттарды түзүүнүн механизмдеринин өзгөргөндүгүнө байланыштуу экенин белгиледи.

«2017-жылдын 1-январынан тартып жаңы Бюджеттик кодекс иштей баштайт, ага ылайык, бардык каражаттар бюджетке түз түшө баштайт. Мамлекеттик органдар атайын каражаттарды бюджеттен ала башташат», - деди министр. Чыгашаларды оптимизациялоо үчүн министрликте 168 кызматкер кыскартылганы жатканын кошумчалады.

Депутаттар Азамат Арапбаев, Осмонбек Артыкбаев, Улан Примов Кыргызстандын ЕАЭБдин курамында экенин айтышып, атамекендик өндүрүшчүлөрдү коргоо багытында өкмөттүк программаларды иштеп чыгуу зарылдыгына токтолушту.

А. Арапбаев интеграциялык биримдик үчүн сырьелук гана кызмат кылып жатканын, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде  бир гана арзан жумушчу күчүн экспорттоп жатканын белгиледи.

СДПК фракциясынын лидери 2017-жылдарга карата экономикалык прогноздорду сынга алып, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына ишенимдин жок болуп жатканын айтты. Буга кошумча фракция лидери өкмөттү социалдык мекемелерди, курулушу башталып токтоп калган курулуштарды аягына чыгарууга чакырды.

«Азыркы күндө «капиталдык салымдар» боюнча каржыланган объекттер кароосуз калууда, анткени, аны алгач депутаттар даярдашса, андан кийин өкмөт даярдайт. Маселе депутаттардын кароосунда турганда массалык түрдө  социалдык мекемелердин пайдубалын тургузуу иштери башталган, бирок алардын көпчүлүгү каржынын жоктугунан токтоп калууда. Мындай курулушу узакка созулган объекттерди ар бир айылдардан тапсаңар болот.», - деди Иса Омуркулов. Ал өкмөттү  эски объекттер курулуп бүтмөйүнчө титулдук  тизмеге жаңы объекттерди киргизбөөгө чакырды.

Ошондой эле жыйында депутаттар чек араларды бекемдөө, делимитация үчүн каржыны көбөйтүү, калкка даректүү социалдык жардамдарды күчөтүү, элдин билим берүү  жана саламаттыкты сактоо кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу сыяктуу маселелерге да көңүлдөрүн бурушту.

Талкуунун аягында эл өкүлдөрү сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен  «2017-жылга карата КРнын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата прогноздор жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы