Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы “Жай отуруп баарлашуу” жаңы долбоорун ишке киргизди

16-09-2016
16:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын жана депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчеттуулугун көтөрүү максатында жаңы “Жай отуруп баарлашуу” долбоорун ишке киргизди. Бул долбоордун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен Жогорку Кеңеш депутаттарынын, Аппарат жана Иш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн бейформал жолугушууларын өткөрүү пландаштырылууда.

Ачык пикир алышуу үчүн платформа түзө турган мындай баарлашуулар Жогорку Кеңештин ачык-айкындыгын жогорулатууга багытталган. Иш-чараларда журналисттер маанилүү маселелер жаатындагы өздөрүн кызыктырган суроолорун бере алышат.

Бүгүн, 16-сентябрда аталган долбоордун алкагында Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев жана Иш башкаруучусу Алмазбек Кожомкулов менен журналисттердин жолугушуусу болду. Жолугушууда ЖМК өкүлдөрү Жогорку Кеңештин каржылык-техникалык камсыздоосуна байланыштуу бир катар суроолоруна жооп алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы