Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Адвокаттык иш-аракетти жүзөгө ашыруунун формалары иретке салынат

15-06-2016
10:16

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тапшырмасын аткаруу үчүн иштелип чыккан. Долбоор адвокаттык иш-аракетти жүзөгө ашыруунун формаларын иретке салууга багытталган.

Адвокаттык ишти уюштуруунун төмөнкүдөй формаларын: адвокаттык кабинетти (юридикалык жакты түзбөстөн адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун жекече формасы), адвокаттар коллегиясын же адвокаттар бюросун (юридикалык жактын статусу бар жамааттык формалар) мыйзамдык бекемдөөнү, ошондой эле социалдык адвокатуранын формасы катары юридикалык консультацияларды (бул форма мыйзам долбоорун коомдук талкуулоонун жүрүшүндө адвокаттар жамаатчылыгы тарабынан алып салууга сунушталды)  түзүүнү карайт.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы