Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу КМШ ПААнын атынан эл аралык байкоочу катары Орусия Мамдумасына шайлоого мониторинге катышты

19-09-2016
08:31

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын атынан эл аралык байкоочу катары Орусия Федерациясынын (ОФ) Федералдык Жыйынынын (ФЖ) Мамлекеттик Думасына шайлооого мониторгге катышты. Байкоочу топтун курамындагы Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Москва округунда, ал эми депутат Бахадыр Сулейманов Санкт-Петербург округунда катышты.

17-сентябрда Москва шаарында (Орусия) КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков уюштуруу жыйынын өткөрдү. А.Баатырбеков жыйындын катышуучуларына байкоочу топтун курамы, жетинчи чакырылыштагы ОФ ФЖ Мамдумасынын депутаттарын шайлоого кыска мөөнөттүү мониторингдеги байкоочулардын миссиясынын милдеттери жөнүндө маалымат берди.

КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору бир катар жолугушууларды, анын ичинде Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Василий Лихачев, Мамдумага депутаттарды шайлоодо ЕККУнун атайын координатору Илка Канерва, ЕККУ БДИПЧтен байкоочулар миссиясынын башчысы Ян Петерсен менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда узак мөөнөттөгү мониторнгдин жүрүшү боюнча жыйынтыктар, ошондой эле шайлоо күнүндө шайлоо процессине катышуучулардын электоралдык процедурасынын сакталышы жөнүндө пикир алышуулар болду.

Эске салсак, КМШнын атынан Байкоочулар миссиясынын курамындагы өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруучу КМШ ПААнын атынан байкоочулар тобунун курамына Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Реcпубликасынын, Молдова Республикасынын, Тажикистан Республикасынын мыйзам чыгаруу органдарынын депутаттары жана  өкүлдөрү болуп 52 байкоочу, ошондой эле КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын кызматкерлери, Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүүжана КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоо боюнча эл аралык мониторинг институтунун эксперттери кирген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Окшош жаңылыктар

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөр добуш берүүгө жиберилди

Депутаттар  аялдар үчүн квота берилиши, буга чейин добуштарды мыйзамсыз сатып алууга катышкан  партиялардын шайлоого катышуусуна жол бербөө  боюнча проблемаларды көтөрүштү.

Толук окуу...