Түз
эфир
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Аппарат менен Иш башкармалыгынын жамааттары «легендарлуу парламенттин» - XII чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты Эстебесов Молдокмат Камаловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көӊүл айтуу менен, аза кайгысын теӊ бөлүшөт. Маркумдун өз мекени үчүн жасаган иши менен анын жаркын элеси эл эсинде сакталып кала берет.