Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Парламент” радиосунун иштеп баштагындагына туура 10 жыл толот.
Тагыраак айтканда, 2006-жылы Жогорку Кеңештин жетекчилигинин демилгеси менен ЕККУнун техникалык колдоосунда ачылган “Парламент” радиосу адегенде 50 миң АКШ долларына сатылып алынган атайын жабдыктардын жардамы менен өз ишин баштаган.
Кыргыз эли өлкөнүн коомдук-саясый турмушуна кайдыгер карабагандыктан, саясий процесстеги “Парламент” радиосунун орду, кадыр-баркы барган сайын өсүүдө. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештеги ар бир талкууланган маселе аталган радио аркылуу өлкөнүн бардык облус борборлору менен ага аймакташ жайгашкан райондорго чейин жеткирилип келет.
Радио толкунду таркатуучу кошумча жаңы 7 передатчик (радио толкундарын мейкиндикке таратуучу шайман) бийик тоолуу 7 аймакка орнотулса, “Парламент” радиосунун угуучуларынын катары дагы бир топ арбыйт. Азыркы тапта парламенттик радио жер-жерлерде төмөндөгүдөй жыштыктарда:
- Бишкек шаары менен Чүй областында – FM 90,2
- Ош шаары, Кара-Суу району – FM 105,0
- Баткен шаары менен Баткен районунда – FM 101,5
- Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондору – FM 100,5
- Каракол шаары, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунун айрым бөлүктөрү – FM 92,6
- Нарын шаары менен Нарын районунун кээ бир бөлүгү – FM 98,7
- Талас шаары менен Талас, Бакай-Ата райондорунун айрым бөлүгү – FM 90,3
Жогорку Кеңештин Регламентинин 157-беренесине ылайык, Өкмөткө тапшырылган иштердин жыйынтыгы менен “Парламент” радиосу 2012-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен жалпыга маалымдоо каражаты катары каттоодон өткөн.
2013-жылдын республикалык бюджетинин долбоорун бекитүүдө 1 млн. 603 миң 387 сом каралып, облустук борборлордо радио передатчиктер сатылып алынып, монтаждоо иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Анын натыйжасында, 2013-жылдын 29-майында “Парламент” радиосунун уктуруу алкагы кеңейип, ал өлкөнүн жалпы калкынын 70%ын камтыды.
«Парламент» радиосун угармандар жогоруда көрсөтүлгөн жыштыктар аркылуу иш күндөрү саат 9.00дөн 17.00гө чейин уга алышат. Жакында Жогорку Кеңештин kenesh.kg сайтындагы радиобаракчанын жардамы менен да парламент отурумдары он-лайн режиминде уктурула баштайт. Мындай шартта мыйзам чыгаруу бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар бир гана республика аймагына эле эмес, интернет аркылуу төгөрөктүн төрт бурчуна жетип турмакчы.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы