Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар шаарлардагы муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору кийинки аптага жылдырылды

19-09-2016
12:18

Бүгүн, 19-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору 1-окуу каралды.

 “Шаарды өнүктүрүү долбоорунунун” максаты муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана шаардык инфратүзүмдүн энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун алкагында Кербен, Сүлүктү, Балыкчы жана Токтогул шаарлары аныкталып, жалпы суммасы 14,4 млн. АКШ долларды түзөт. Төлөө мөөнөтү 38 жыл, анын 6 жылы жеңилдетилген убакыт.

Комитеттин өткөн жыйынында эл өкүлдөрү долбоордо артыкчылык берилген багыттардан сырткаркы коомчулукка анча маанилүү болбогон же насыясыз эле өз колубуз менен бүтө турган маселелерди жана конкреттүү кайсы обьектилер белгиленгендигин тактап келүү максатында ратификациялык мыйзам долбоорун кийинкиге калтырышкан.

Бул жолку талкууда жарыктандыруу маселесине, электр мамыларын, кабелдерди, трансформаторлорду орнотуу сындуу олуттуу иш-чаралар кирери айтылды. Такталып келинген мектеп, бала бакчаларга каражаттар көлөмүнө жана башка критерийлерине карабастан бирдей бөлүнүп калгандыгын сынга алышты.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков мурдагыдай эде анча мааниге ээ болбогон иштерди бүтүрүү туура эмес деген пикирин кайталап, мыйзам долбооруна каршылыгын айтты. Бир катар депутаттар болсо насыя алууну колдоп, бирок андагы эсеп-кысаптарды кайрадан карап чыгуу зарыл деген ойлорун ортого салышты.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоор депутаттардын сын-пикирлеринен улам кийинкиге жылдырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы