Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда иштеген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев, Абтандил Кулбараков.
Демилгечилердин берген маалыматына караганда, Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук, сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Медицина, билим берүү, социалдык камсыздоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр өтө маанилүү болуп саналат. Бул багыттар боюнча кадрлар жетишсиз. Мындай көйгөй тоолуу жана алыскы аймактарда курч турат.
Эске салсак, тийиштүү коэффиценттер белгиленген райондордо бийик тоо шартында иштеген стаж үчүн эмгек акыга жана кызматтык маянага үстөк төлөмдөр 2012-жылы жоюлуп калган. Бул ансыз деле көйгөйлүү маселени ого бетер тереӊдетти. Билим берүү жана медицина чөйрөсүндөгү кызматкерлердин көпчүлүгү эмгек акысына кошумча иштеп табуу үчүн башка жумуштарды айкалыштырып иштөөгө аргасыз.
2012-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө карабастан, азыркы учурга чейин бийик тоо жана алыскы жер шарттарында иштегендерге көмөк көрсөтүү максаттарына бюджеттен каражаттар бөлүнүп, тийиштүү төлөмдөр жүргүзүлүп келди. Бийик тоо шарттарында иштеген стаж үчүн кызматтык маянага үстөк төлөмдөрдү жоюу артка карай кадам болуп саналат.
“Мыйзам долбоорун кабыл алуу бийик тоо шарттарында адистердин иштөөсүнө кошумча түрткү берет жана укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени мыйзам долбоорунда козголгон укук мамилелери кийинки учурга чейин эле болуп келди”, - дейт депутат Абтандил Кулбараков.
КР ЖК Басма сөз кызматы