Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КРнын Эмгек Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев жана Абтандил Кулбараков.
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Жанар Акаев кошумча төлөп берүү маяналарына кошумча төлөөдө райондук коэффициенттер каралган, бийик тоолуу шарт үчүн айлыгына кошумча төлөнгөн райондордогу башка жумушту да айкалыштырып иштеп жатышкандарга багытталганын билдирди.
«Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери көп учурда маяналарына кошумча акча алуу үчүн башка кошумча жумуштарда да иштешет. Ошондуктан 2012-жылы жокко чыгарылган бул түзөтүүнүн мааниси абдан чоң, бул иштеп жаткан адистерди кармоого, бошогон орундарды тиешелүү кадрлар менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет», деди.
Социалдык өнүгүү жана эмгек министринин орун басары Зууракан Каденова коэффициент жана кошумча төлөөгө жылына 29 млн. сом бөлүнөрүн айтты.
«Бул сумма келерки 2017-жылдын бюджетине киргизилген», - деди министрдин орун басары.
Өз баяндамасынын аягында Жанар Акаев мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүү өлкөдөгү бийик тоолуу, катаал шарттуу аймактарда жашаган жарандардын жашоо турмуштарын жакшыртууга жасалган кичинекей кадам экенин кошумчалады.
«Маянаны көбөйтүү, эмгек шарттарын жакшыртуу жана аймактардагы адистердин жетишсиздиги маселесин чечүүгө комплекстик мамиле керектигин жакшы түшүнөбүз. Мисалы, биз педагогикалык факультеттердин бюджеттик бөлүмдөрүндө окуган студенттердин стпендияларын эки эсеге көтөрүү демилгеси менен өкмөткө кайрылдык. Муну менен окуу жайды аяктаган студенттерге бийик тоолуу аймактардагы мектептерге жумушка орношууга талаптар да күчөтүлөт», - деди Жанар Акаев.
Талкуунун аягында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алышты.
СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы