Кубанычбек Алибеков: “Чет өлкөлөргө керектүү адистиктер боюнча окууга жиберилген жаштардан кайтып келип кызмат кылуусу үчүн кепилдик кат алуу керек”

07-12-2018 11:58

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Жаштар платформасынын” кезектеги жыйыны болуп, демилгелүү жаштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өлкөнү өнүктүрүү максатындагы демилгелерин сунушташты.

Москва шаарындагы “Ваш доктор” медициналык клиникасын ачып, негизинен кыргызстандыктарга кызмат көрсөтүп келе жаткан врач Кубанычбек Алибеков бүгүнкү күндө акыл миграциясы өлкөдөн агып чыгып кетип жаткан көйгөйгө токтолду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө эмгек акынын аздыгынан улам Кыргызстандан көптөгөн кесипкөй жаш адистер чет өлкөлөргө барып кызмат кылып жатат. К.Алибеков мындай көрүнүштө чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына окууга кеткен жаштардын кайра өлкөсүнө келбей калып жаткандыгы дагы өз кедергисин тийгизип жаткандыгын баса белгиледи. Мындай ойлору менен бөлүшкөн жаш дарыгер КР Өкмөтүнө чет өлкөлөргө квота менен окууга жиберүүдө бүгүнкү күндө Кыргызстанга эң керек деген адистиктер боюнча жиберүүнү сунуш кылды. Ошондой эле К.Алибеков квота менен чет өлкөгө окууга кетип жаткан жаштардын кайра өз өлкөсүнө келип кызмат кылуусу үчүн кепилдик кат алуу керектигин баса белгиледи. “Мындай кадамдарга барганда гана Кыргызстандан чыгып кетип жаткан акыл агымы кайра катып келет. Мында чет квота менен чет өлкө ЖОЖдоруна окуган жаштарга жана алардын Мекенге кайтып келишин көзөмөлдөп турушу керек”,- дейт ал.

Мындай пикирди улаган “Perspective” эл аралык билим берүү борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов Кыргыз Республикасынын “21-кылымдын кадрлары” программасы менен Билим берүү, илим министрлиги 6 эл аралык билим берүү уюмдары менен кызматташса, Казакстандын “Болашак” программасы 24 эл аралык билим берүү уюмдары менен кызматташарын салыштырып берди. Нурсултан Кубанов КР Өкмөтүнө Билим берүү, илим министрлигинин ичинде чет өлкөнүн ЖОЖдоруна окуу үчүн квота берүүнүн механизмдерин кайра иштеп чыгып, жогоруда белгиленгендей өлкөгө өтө керек деген адистиктер боюнча гана жиберүүнү сунуш кылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1485

Окшош жаңылыктар