«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ өзүнүн алгачкы отурумун өткөрдү

07-12-2018 14:44

Бир катар алгылыктуу мыйзамдардын кабыл алынганына карабастан, дагы да болсо балдарды социалдык жактан коргоо, алардын ата-энелерине жеӊилдиктерди кароо жаатында көйгөйлөр көп экен. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Касымалиева «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун алгачкы отурумунун жүрүшүндө билдирди.

Жумушчу топтун башчысы Аида Касымалиеванын айтымында, балага жөлөкпул чектөө чарасы жетишсиз, ага кошумча социалдык кызматтар да көрсөтүлүшү керек экенин турмуш өзү көрсөттү. «Айрыкча, мындай чаралар элет жергесинде колго алынышы керек. Биз жакында Баткен менен Ош обулустарына барып, бир топ жолугушууларды өткөрүп келдик. Ошол жерде иштеген социалдык коргоо кызматкерлеринин өздөрү мыйзамды аткаруу жобосу өтө татаал болуп, кыйла кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтышты», - деди ал.

Жумушчу топтун мүчөсү депутат Карамат Орозова 2017-жылы кабыл алынган мыйзамда көп кемчиликтер кетирилгенин эске салып, акыркы мыйзамда андан дагы оор жагдайлар түзүлүп калганын баса белгиледи. «Албетте, жөлөкпулдун даректүү берилгени жакшы, бирок жарандардын өздөрүнүн жагдайын тастыктоо үчүн маалымкаттарды топтоо аракети көптөгөн тоскоолдуктарга учурап калыптыр. Азыр балага сүйүнчү алалбай жүргөндөр четтен чыгат, алтургай, айрым адамдар ашыкча убаракерчиликтен улам андан баш тартып жатышыптыр», - деди депутат.

Ал эми Маастрихта университетинин профессору, жарандарды социалдык жактын коргоо боюнча адис Франциска Гассмани жыйын катышуучуларын «Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутумундагы чакырыктар жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамды, анын ичинде «балага сүйүнчү» жана «үй-бүлөгө көмөк бөлүктөрүн ишке ашыруу практикасын баалоо усулу» темасындагы бетачарын тартуулады.

Андан тышкары, депутат Аида Касымалиева «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун өлкө аймагында жүргүзө турган иш-планы менен тааныштырып, жумушчу топтун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрүн аны өз деӊгээлинде жүзөгө ашыруу жүрүмүнө жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Белгилей кетек, Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 2018-жылдын 29-октябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Анын курамына депутаттар, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1436

Окшош жаңылыктар