Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз телевидениесинин 60 жылдык маарекеси менен куттуктады

07-12-2018 17:42

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, парламенттик Аппараттын жетекчиси Саматбек Ибраев Кыргыз телевидениесинин 60 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан Кыргыз телевидениесинин ардагерлерин жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жалпы жамаатын маарекеси менен куттуктады. Төраганын куттуктоосунда, мындан 60 жыл мурун кыргыз телеберүүсү эфирге чыгып, алгач он мүнөттүк программа менен маалымат айдыңындагы маанилүү тармактын пайдубалы түптөлгөнү айтылып: “Эгемендиктин алгачкы жылдарында да ошол мезгилдин оор шартына карабай, күжүрмөндүк менен эркин көз карандысыз өлкөбүздүн калыптанышына кыргыз телевидениеси зор салым кошту. Жалпысынан алганда жарым кылымдан ашык убакыт аралыгында КТРК өзү да өнүгүп, өлкөбүздөгү бардык өзгөрүүлөрдүн башында турду”, – деп жазылган.        

Андан тышкары, куттуктоодо алгачкы диктор Сайнаке  Жунушалиева, режиссер Жанузак Молдобаев, редактор Шаршеке Сматов, үн оператору Светлана Варибада, оператор Курманбек Өгөбаев баштаган улуу жолдо экрандын жүзүнө айланган көптөгөн теле алып баруучулардын жана экран сыртындагы миңдеген кызматкерлердин талыкпаган эмгеги баса белгиленип: “Албетте бул чек эмес. Секунд сайын өзгөргөн ааламдашуу доорунда Ала-Тообузду аалам жаңылыктары менен камсыздап, элибизди жаркын келечекке үндөгөн мыкты көрсөтүүлөрдү сунуштай берет деген ишеничтебиз. Анткени коомдук телерадиоберүү корпорациясына мамлекетибиздин ийгилигине багытталган маанилүү талап коюлган. Аны биз сүйгөн экран кызматкерлери татыктуу ишке ашырат деген үмүттөбүз”, – деп айтылды.

Ошондой эле салтанаттуу иш-чаранын алкагында КТРКнын алдыңкы кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары жана энчилүү сааты ыйгарылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1743

Окшош жаңылыктар