Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КР ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков: «Кыргызстандын ар жараны өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымын кошууда»

19-09-2016
17:18

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 19-сентябрда парламенттин депутаттарына, Аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлерине, билим берүү, саламаттык сактоо, илим тармактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жигердүү иштеген адамдарга Жогорку Кеӊештин, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамоталарын тапшырып, Төраганын атынан сааттарды белекке берди.

Төрага өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын, анын ичинде өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигинин өнүгүү жолундагы урунттуу учурларга токтолуп, Кыргызстан үчүн парламентаризм системасы жаӊы нерсе эмес эмес экенин, кыргыз эли байыртан эле курултайларды өткөрүп, маанилүү маселелерди кеӊешип чечип келгенин баса белгиледи.

Ал 2010-жылы башкаруунун жаӊы таризине өтүү – парламенттик демократия салттарын калыптандыруу тууралуу тарыхый чечим кабыл алынганын баса белгиледи. «Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндөгү парламентаризмди өнүктүрүү жолун тандап алган жалгыз өлкө болуп саналат», - деп, ал парламенттик демократия жолунан тайбоо зарылдыгына токтолду.

Спикер иш-чара катышуучуларына өлкөдө парламентаризм салттарын калыптандырууга, улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргызстандын ар жараны өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымын кошууда», - деп жыйынтыктады ал өз сөзүн. 

Ат-Башы районундагы «Улан» дыйкан чарбанын башчысы Базаркул Исакунов өлкөнүн өнүгүшүнөөз салымдарын кошуп жаткан жарандардын эмгегин эске алганы үчүн кыргыз парламентине ыраазычылык билдирди. «Мен өзүм элеттен келдим. Ачыгын айтыш керек, турмушубуз кыйла оӊолуп калды. Турмуш начар дей бербей, аракет кылалы, ошондо турмуш жакшырат. Элге азыр тынччылык керек. Келечекти ойлойлу, ынтымакты чыӊдайлы», - деп кошумчалады ишкер аксакал.

Белгилей кетсек, бул сыйлыктарды тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдык маарекесинин алкагында өткөрүлдү.

КР ЖК Басма сөз кызматы