Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жарнак таратуу иштери жөнгө салынат

19-09-2016
18:53

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды. Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан бул мыйзам долбоорунда аялдамаларга жарнактарды жарыялоо ошол унаа токтотуучу жайдын ээси болгон аткаруу бийлигинин уруксааты менен гана ишке аша тургандыгы белгиленген. Бул аялдаманын аталышын жарнак менен жаап салууга жол бербей турган чаралардын бири.

Аялдамалардын тарыхый аталыштарын жоготуп албоо үчүн  туш келди  жарнактар менен аялдаманын атын жаап салбашыбыз керек,- дейт тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз.

Адистердин маалымдашынча, аялдамалардын атайын реестри болушу зарыл.

Жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын укук-милдеттери мыйзамда көрсөтүлгөн. Эми аларга кошуп, жарнак таратуучулардын дагы укук- милдеттери такталууда.

Талкуунун жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна экинчи окууда чыгарылмай болду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы