Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын бир катар чакан шаарларын өнүктүрүүгө багытталган «Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Шаарды өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Каржы министрлигинин берген маалыматына караганда, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларынын социалдык объектилеринин абалын, электр энергиясы менен камсыз кылууну, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу багытында 12,8 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын ичинде, 6,6 млн доллар жеӊилдетилген насыя, ал эми 5,4 млн доллар гранттык каражат болуп саналат. Ага кошумча КР Өкмөтү да 2,4 млн доллар каражат кароого тийиш.
Талкуу жүрүшүндө депутат Мирлан Жеенчороев келишимде бир катар кемчиликтер бар экенин, мисалы, каражатты жумшоонун техникалык-экономикалык негизи даярдалбай туруп эле, анын сметасы түзүлүп калганын белгиледи. Депутат Айнуру Алтыбаева насыя каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгына токтолду. Анын пикиринде, долбоордун ишке ашуу жүрүмүн чагылдырууга атайын каражат кароонун зарылдыгы деле жок.
Ал эми депутат Каныбек Иманалиев бул келишимди ратификациялоо долбоору мурда да талкууланганын, келишимдин текстин өзгөртүүгө мүмкүн эмес экенин эске салып, комитет мүчөлөрүн аны колдоп берүүгө чакырды.
КР ЖК Басма сөз кызматы