Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбасы уюмунун өкүлү Доржи Кинлай менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы органикалык айыл чарбасын жылдыруу үчүн укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү, Балык чарбасы жана аквамаданият боюнча долбоорду улантуу жана “Сактоо жана өстүрүү” аймактык стратегиясын ишке ашырууга негиз түзүү маселелерин талкуулашты.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарбасы уюмунун өкүлү Доржи Кинлай жогоруда белгиленген 3 долбоорго түшүндүрмө берип, бул багыттагы макулдашуу колдоого алынса айыл чарбасы, экология жаатында дагы көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтты.
Комитет төрагасы Мирлан Бакиров аталган долбоорлор агрардык тармакты өнүктүрүүгө багытталган максаттарды көздөөрүн белгилеп, ошол эле маалда бир катар маселелерди тактады. “Багытталган каражаттар белгиленген максаттарга жеткенде гана натыжа чыгат” деген депутат бул долбоорлорду ишке ашырууда эксперттер, технология жана башка жагдайларды каржылоо, салыктан бошотуу маселелерин кайра карап чыгууну сунуштады. Балык чарбасы жана аквамаданият жаатындагы долбоордун зарылдыгын айтып, балык чарбасы өнүккөн Финляндия, Норвегия өңдүү мамлекеттердин тажрыйбалары керектигин кошумчалады.
Жыйынтыгында тараптар жумушчу жолугушуулар, диологдор кызматташууну арттырып, белгиленген долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна түрткү берери боюнча орток пикирге келишти.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы