Урматтуу ишкерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан 20-сентябрь Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү менен куттуктайм!
СССРдин таркашы күнөстүү Кыргызстаныбызга эгемендүүлүктү жана эркин демократиялуу мамлекетти куруу мүмкүнчүлүгүн берген менен социалисттик системадан капиталисттик системага өтүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Алгачкы жылдары өлкөдө каатчылык өкүм сүрүп, жарандардын жумушсуздугу күч алган учур азыр дагы эсибизде. Бирок, мындай кыйын кырдаалдан жарандарыбыздын тапкычтык менен базар экономикасын тез арада өздөштүрүп кеткендиги куткарып калды десек болот. Айрыкча жеке ишкерчилик менен алектенгендер өлкө казынасына жыл өткөн сайын арбын салым кошуп келүүдө. Андыктан, Кыргызстаныбыздын калыптанышына жана мындан аркы өнүгүшүнө арбын аракет жумшаган ишкерлерди колдоо максатында Өкмөттүн 2000-жылдын 20-октябрындагы токтому менен 20-сентябрды ишкерлер күнү катары белгилөө сунушу киргизилген.
Ардактуу ишкерчилик чөйрөсүнүн өкүлдөрү!
Өлкөбүз сиздердей жаңы идеяларга бай, креативдүү, таза иштеген жана социалдык жоопкерчиликтүү бизнес жасаган жарандарга муктаж. Ал эми мамлекет ишкерчиликтин жанданышына жана анын пайда алып келгидей даражага жетишине жардам көрсөтүп, дайым колдоп турушу зарыл. Бул боюнча Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында да так белгиленип, ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу, жеке менчикти коргоонун укуктук негиздерин бекемдөө жана мыйзамдуу экономиканы чыңдоо боюнча маанилүү милдеттер тагылган. Ага ылайык мамлекет менен биргелешип, Кыргызстандын жаркын келечегине зор салымдарды кошууну улантасыздар деген ишеничтебиз!
Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен! Үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана бакубатчылык, ал эми өзүңүздөргө ден соолук жана талыкпас эмгек каалайм.
Бар болуңуздар, ишиңиздер ийгиликтер менен коштолсун!
Урматым менен,
Чыныбай Турсунбеков,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы