Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан эки жаӊы кодекстин долбоору кайра кайтарылды

15-06-2016
10:50

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан КР Жоруктар жөнүндө кодексинин жана КР Кылмыш-жаза кодексинин долбоорлору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, Мыйзам долбоорлорунун башкы багыты кылмыш-жазыктык кескин жаза чараларынан баш тартып, соттолуучуларга таасир этүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, аларды эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирүү болуп саналат. «Сот реформасынын негизги багыты азыркы учурда иштеп жаткан административдик, кылмыштык, процесстик мыйзамдарды, ошондой эле ишти сотко жөнөтүү жолжоболоруна байланышкан мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат.

Демилгечи жаӊы кодекстерде кылмыш жазаларын гумандаштыруу, жосун жазаларын декрималдаштыруу чаралары каралганын белгиледи. Жаӊы Кылмыш кодексинин негизги багыты баштагы кескин чараларды колдонуу ыкмасынан кайтып, күнөөкөрдү эркинен ажыратуунун башка да чараларын кароо болуп саналат. Ошондой эле сот чейинки жана сот жүрүмүндөгү териштирүүнүн жаӊыча атаандаштык негиздери киргизилүүдө.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорлоруна карата өзүнүн бир катар сунушу бар экенин, айыппулдардын өлчөмү өтө төмөн болуп калганын, ал айрым шылуундар үчүн өтө пайдалуу экенин айтып, депутаттарды тармактык комитеттин кароосуна экинчи окууда кайра кайтарууга чакырды. Аны депутат Мыктыбек Абдылдаев менен Төрөбай Зулпукаров колдоду. Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Жеенчороев мындай сунушка макул эместигин билдирди. Жыйынтыгында депутаттар тармактык комитеттин кароосуна кайра кайтаруу чечимине келди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда сот реформаларын ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, алар тарабынан Кылмыш-жаза кодекс, Жоруктар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекс, Жарандык-процесстик кодекс, Административдик-процесстик кодекс сындуу бир катар жаӊы мыйзам долбоорлору иштелип чыккан. Ага жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, юристтер менен адистер тартылган.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы