Депутат Алмазбек Акматов: «Ушу тапта көптөгөн айыл өкмөт башчыларынын соттон башы арылбай, мурдагы карыздарды төлөй албай абдан кыйналып турушат»

27-12-2018 10:13

Ушу тапта айыл өкмөттөрүнүн мурдагы карыздары сот аркылуу өндүрүлүп жатыптыр. Кезинде карызды алган жетекчилердин арасында өлгөндөрү, башка жакка дайынсыз кеткендери бар экен. Кыскасы, айыл өкмөт башчыларынын соттон башы арылбай, мурдагы карыздарды төлөй албай абдан кыйналып турушат, көп айыл өкмөттөрүнүн иши токтоп калды. Мындай абал өкүм сүрүп жаткан убакта Өкмөт четте калбай, тийиштүү чараларды көрүп, айыл өкмөттөрүнүн көйгөйүн жеӊилдетиши керек. Бул тууралуу депутат Алмазбек Акматов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 222

Окшош жаңылыктар