Депутат Бакыт Төрөбаев: «Алынган насыялык каражаттын пайдаланылышына көзөмөл жок, көптөгөн социалдык объектилердин курулушу бүтпөй турат»

27-12-2018 10:50

Өкмөт такай насыя менен гранттар боюнча тиги келишимди, бул макулдашууну тездетип ратификациялап бергилечи деп сурангандыктан, парламент алардын өтүнүчүн канааттагдырып келет. Бирок, эл аралык донорлордон алынган насыялык каражаттардын кандай пайдаланып жатканына көзөмөл жок. Ошондон улам көптөгөн социалдык багыттагы объектилердин курулушу өз маалында бүтпөй турат. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мисалы, Евробирликтин каражатына Беловодск жана Жалал-Абадда психоневрологиялык эки балдар үйү курулуп, быйыл Президент алардын ачылышына бармак. Тилекке каршы, каражат убагында берилбегендиктен, алардын курулушу 2017-жылдан берүү аягына чыгарылган жок. Эми, мындай курулуштар арбын. Ошондуктан, Өкмөт жаӊы жылдан тарта бул маселени колго алып, эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын өз багытында колдонулушуна көзөмөлдү күчөтүшү зарыл», - деди депутат.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 212

Окшош жаңылыктар