Коомдук тартипти бузгандардын баарын коомдук иштерге тартсак, ошондо жазасын чындап алган болор эле

10-01-2019 10:38

Жаӊы жылдан тарта иштей баштаган жаңы мыйзамдарга карата коомчулукта ар түрдүү кайчы пикирлер пайда болуп, социалдык тармактарда башкы темага айланды. Жогорку Кеңештин дарегине да сындар айтылууда. Алар айып пулдардын көлөмү өтө жогору коюлганына нааразылык билдирсе, тартип орнотуу үчүн ушундай мыйзамдар керек эле дегендер да болууда. Ал эми эл өкүлдөрүнүн ою кандай болду экен?

Бузуулар кодексинде, тагыраагы айып пулдарды салуу боюнча бир катар кемчиликтер орун алганын белгилеген депутат Дастан Бекешов өз сунуштады. Ага ылайык, жаңы кодексте жол эрежесин бузуу фактысы катталгандан кийин 1 ай ичинде айып пул төлөнбөсө, ага туум кошулат жана аягында соттошуу жолу менен өндүрүлөрү жазылган. Эл өкүлүнүн пикиринде, эгер жол эрежесин бузган киши 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, айып пулдун көлөмүн эки эсе азайтуу керек. Бирок, ал мас айдоочуларга тийиштүү болбойт.

“Чынында эле айып пулдардын көлөмү жогору болууда. 5500 сом көптөр үчүн оорчулук кылат. Ал акчаны өндүрүү да кыйын. Ошондуктан, мен 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, аны 50 пайызга кыскартууну сунуштайм. Мисалы, коопсуздук курун байланбаганы үчүн азыр 1000 сом болсо, а эгер ал айып пулду 1 аптанын ичинде төлөй турган болсо, 500 сом болуп калат. Айып пулдарга ошондой жеңилдиктерди кароо зарыл”, - дейт ал.

Ал эми жол сакчылары мындай жогорку көлөмдө айып пул салуу менен жол кырсыктарын алдын алууну, жол кыймылын тартипке келтирүүнү максаты кылып жатышканын айтууда. “Коопсуздук курун тагынуу жол кырсыктарынын кесепеттерин 30 пайызга чейин кыскартат. Ошондуктан, ал мурда 300 сом болсо, азыр 1000 сомго чыкты. Биздин максат акча чогултуу эмес, жол кырсыктарын азайтуу”, - дейти ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов.

Анткен менен Бузуулар кодексинин Жол кыймылы жөнүндө мыйзамында дагы бир оркойгон адилетсиздик орун алганы байкалып турат. Ичкилик ичип алган айдоочу жолдо кармалды дейли. Эгер ал мастыгын мойнуна албай, наркологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарта турган болсо, ага болгону 5500 сом айып пул каралаган. Ошол эле учурда, экинчи мас айдоочу каршылык көрсөтпөй, өз ыктыяры инспектордун талабын аткарса, ага тескерисинче 17500сом айып пул салуу көрсөтүлгөн. Муну оңдоп-түзөө керек.

“Кабыл алынган кодексте инспекторго баш ийбей жолун улап кетип калган айдоочуга 3-категориядагы 5500сом айып пул каралып калган. Ал эми наркологияга барып, текшерилген адамга 8-категорияда же эң жогорку 17500 сом каралат”, - дейт ИИМ орун басары Курсан Асанов.

Ал эми депутат Мирлан Жеенчороев айып пулдарды көтөрүү элдин чөнтөгүнө кол салуу эмеспи деген суроого төмөнкүдөй жооп кайтарды: “Мен бул мыйзамдарды колдоймун. Мыйзамды бузбасын да, айып пул төлөбөсүн. Адамдын өмүрү эч кандай акча менен бааланбайт. Анын кунун акча менен төлөгөн заман өткөн. Жоопкерчиликти күчөтүү кажет. Маселен, чет мамлекеттерде семичке же жевачканы ыргыта турган болсоӊ, олчойгон штраф салынат. Биздикилер деле маданияттуулукка көнсүн”, - дейт ал.

Ошондой эле моралдык жүрүм-түрүмдү оңдоого үндөгөн мыйзам да коомчулукта кызыгуу жаратып жатат. Элди тартипке чакырган милиция менен мэриянын кызматкеринин түкүрүнгөнүн телефонго тартып да чыгарышты. Депутат Дастан Бекешев чынында бир түкүрүк үчүн 5500 сомду баардык эле адамдар төлөй албай турганын айтып, аларды коомдук иштерге тартуу аркылуу жазалоону сунуштайт.

“Бул мыйзам талкууланып жатканда, 5500 сомдун ордуна тартип бузган кишини коомдук иштерге тартууну сунуштаган элем. Бирок кодекстерде бир да коомдук иштерге тартуу деген түшүнүк каралбаптыр. Колунда бар адамдар 5500 сомду төлөп кете бериши мүмкүн, ал эми колунда жокторго өтө кыйын. Ошондуктан, алардын баарын коомдук иштерге тартсак, ошондо жазасын чындап алган болор эле”, - дейт ал.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1264

Окшош жаңылыктар