Депутат Бактыбек Райымкулов Чүй облусунун Панфилов районундагы шайлоочулар менен жолугушту

10-01-2019 19:40

Бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Райымкулов Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуп, айыл тургундарынын көйгөйүн жеринен укту.

Карапайым калктан кабар алып, көйгөйдү тиешелүү бийлик органдарына жеткирүүнү убада кылган депутат, айыл жергесинде чечүүнү талап кылган бир топ маселе бар экенине токтолду.

“Биздин райондо таза суу тартыштыгы бар эле, Өкмөттүн жана АРИС программасынын колдоосу менен айылдарга таза суу чыгаруу иши колго алынууда. Андан тышкары Аймактарды өнүктүрүү жылында Курама айыл өкмөтүндөгү Каптал-Арык айылына спорт комплексин куруп, ушул жылы ишке берүү алдында турабыз. Панфилов районунда кант кызылчасы эгилет. Сугат суунун тартыштыгы, сапаттуу үрөөндүн аздыгы, кызылчаны сатууда баанын төмөндүгү сындуу көйгөйлөр бар. Дыйкандардын эмгегин эске алып, аталган көйгөйлөрдү  Өкмөткө жеткирип, жеке көзөмөлүмө алам”,-деди депутат Бактыбек Райымкулов.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар таза суу, жол куруу, мектеп, бала бакча, оорукана, айыл чарба жана турак жай куруучу жердин тартыштыгы сындуу маселелерди көтөрүп, эл өкүлүнөн жооп алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1903

Окшош жаңылыктар