Маданиятты каржылоого кабелтең мамиле керек

18-01-2019 15:11

Кыргыз маданиятынын керектөөлөрүнө деп жалпы республикалык бюджеттен 3% өлчөмүндө каражат бөлүү иштери мыйзамдык талаада бекемделип, маданиятка болгон көңүл буруу дурус жолго салынууда. Болбосо, 2005 - жылдары мамлекеттен маданиятка деп каралган каражат 100 - 120 млн. сомду, ал эми ага чейин 64 - 68 млн. сомду гана түзүп келген. Ушул абалдан өйдөлөп чыгып кетүүгө ЖК депутаттарынын салымы зор. Анткени, парламент курамына маданиятты ийне - жибине чейин мыкты билген кесикөйлөрдүн келиши “музду” ордунан козгоого түрткү болду, - дейт КР эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раев бүгүн, 18 - январда "Парламент" радиосунун түз эфиринде болуп.  

Маданияттын тармактуу багыттарынын катарында адабияттын да ролу зор. Ошондуктан, ой жүгүртүү формаларынын түрдүү жанрдык формулаларын түшүндүрүп берген жазуучу, -  прозанын, поэзиянын, драматургиянын артыкчылыктуу айырмачылыктарын атады. 

Айтматовдун чыгармачылыгын окуп – таануудагы жаңы демилгелердин жүрүшү улам ыкчамдап олтурушу зарыл, - дейт С.Раев. “Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизиндеги жазылган “МАН” спектакли 2019- жылдын күз айларында Англиядагы театр көрүүчүлөрүнө тартууланат. Буга чейин бул чыгарма Казакстанда коюлду. Негизи Айтматовдун чыгармаларын окуган сайын, андан улам жаңы табылгаларды табууга болот”, - дейт белгилүү калемгер. 

Эл жазуучусу ошондой эле ар бир адамдын жеке жашоосунда эненин эмгегин актоого кылган далалаты, спорттук машыгууну, китеп окууну калыптандыруусу, ыйманды бекемдөөсү сыяктуу сергек турмуш образын менчигиндеги милдеттей туя билүүсү жаман жолго алып барбастыгын баяндап, угармандардын бир топ суроолоруна жооп берди.  

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2205

Окшош жаңылыктар