Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Салынган айыппулдун 25% экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлерин кызыктыруу үчүн пайдаланылууга багытталат

21-09-2016
10:09

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-сентябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Жыйында аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Улан Примов баяндама жасады.

Мыйзам долбоордун максаты Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери үчүн социалдык коргоону жана кепилдиктерди камсыз кылуу, материалдык кызыктыруу аркылуу өзүнүн ишинин акыркы натыйжасына алардын кызыкчылыктарын арттыруу болуп саналат.

Долбоордо КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 614-статьясына өзгөртүү киргизилет, анда экологиялык жана техникалык коопсуздук үчүн көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салынган администрациялык укук бузуулар үчүн айыппулдун суммасы каралат, КР Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет, бул акча каражаттарынын 25 пайызы экологиялык жана техникалык коопсуздук үчүн көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик органдын кызматкерлерин материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртуу жана кызыктыруу үчүн пайдаланылат.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы