Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору кепилдик фонддор чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү жана чыңдоо, насыялык ресурстардын ишкерлерге жеткиликтүү болушун кеңейтүү, бул жагындагы мамилелердин бардык катышуучулары үчүн тобокелдиктерди азайтуу, колдо бар жумушчу орундарын жоготпоо, жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат:
- кепилдиктерди бергенде кепилдик фонддун жоопкерчилигин 30 %дан 50 %га чейин жогорулатуу;
- бир кардарга кепилдиктин суммасын 5 %дан 10 %га чейин жогорулатуу;
- жеке жана юридикалык жактардын уставдык капиталындагы катышууну 20% менен чектөөнү алып салуу.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Мындан сырткары, жыйын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамга) 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы