Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар тобу балдарга карата жасалган кылмыштарга жаза чараларын күчөтүүнү сунуштоодо

21-09-2016
10:27

Жогорку Кеӊеште жашы жете электердин өмүрүнө, ден соолугуна жана жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Сайдулла Нышанов.

Демилгечилердин айтымында, 2014-жылы жашы жете электерге карата 142 оор кылмыш жасалган. Алардын ичинен 10 бала өлтүрүлгөн, 13 баланын ден соолугуна оор зыян келтирилген, 66 бала зордукталган, 17 бала сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу аракеттерге дуушарланган. “Ошондон улам, Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерине толуктоо киргизүү сунуш кылынууда.

Мындан тышкары, көп учурда жакын адамдар, кам көрүүчүлөр же мыйзам тарабынан жаш балдарга көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөн жактар жашы жете электерге карата кылмыштардын субъектилери болуп жатканын эске алынуу менен, балдарга каршы кылмыш жазаны оорлотуучу кырдаал катары каралууга тийиш болгон адамдардын тизмесин кеңейтет.

Ошентип, эрезеге жетелек балдарга катаал мамиле жасаган же такай басмырлаган жактарга 3 ылдан 7 жылга чейин, ден соолугуна оор залал келтирген жактарга 6 жылдан 10 жылга чейин ж.б. жаза чаралары сунушталууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы