Жогорку Кеӊеште эрезеге жетелек балдарга карата оор жана өзгөчө кылмыш жасоо менен соттолгон адамдарга карата жаза чараларын катаалдаштырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору аркылуу Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.
Акыркы маалыматына караганда, балдарга карата жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар жылдан-жылга көбөйүүдө. Ушу тапта жазык аткаруу мекемелеринде эрезеге жетелек балдарга карата оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган 153 адам бар. Алар өзүнчө кармалат. Ошондон улам, 18 жашка толо эле балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү менен соттолгон адамдарды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн бошотпоо чаралары сунушталууда.
Талкуу жүрүшүндө депутаттардын басымдуу бөлүгү балдарга карата жасалган кылмыштардын жаза чараларын мындан да катаалдаштыруу, алтургай, химиялык кастрацияга чейин катуулатуу тууралуу пикирлерин билдирип, өз кесиптештерин мыйзам долбоорун тездетип кабыл алып берүүгө чакырды. Анткени, мындай кылмыштарга тезинен бөгөт коюу зарыл.
Андан сырткары, жыйын жүрүшүндө Жазык аткаруу кызматына бюджетте 3 млрд сомдон ашык каражат каралса, ал 35 пайызга гана каржыланып жатканы белгилүү болду. Айрыкча, капиталдык курулуштарды куруу, кызматкерлерди атайын кийим-кече менен камсыз кылуу жаатында мүчүлүштүктөр бар.
КР ЖК Басма сөз кызматы