Бүгүн 15 июнда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Бишкек шаарындагы №87 орто мектептин окуучулары менен жолугушту.
Жолугушууда депутат А.Нурбаев Жогорку Кеңештин анын ичинде фракциялардын жана Комитеттердин ишмердүүлүгү тууралу маалымат берди. Ошондой эле депутат Нурбаев, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу жолунда бир катар алгылыктуу жумуштарды жасай алгандыгына жана акыркы учурда шайлоо системасына абдан чоң өзгөрүүлөр киргендигине окуучулардын көңүлүн бурду. “Шайлоо системасына биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен, биз элдин тандоосуна ачык айкын жол ачып, шайлоолордон кийин адатка айланган нааразычылыктарга чекит койо алдык” деди депутат.
Өз кезегинде окуучулар Нурбаевге мамлекетти өнүктүрүү, эл аралык кызматташтык, экономиканы өнүктүрүү жана Кыргызстандын Борбордук Азиядагы оорду тууралуу суроолорун берип, жооп алышты.
Жыйындын соңунда депутат А.Нурбаев окуучуларды тырышчаактык менен мыкты окууга үндөп, ийгиликтерди каалап китептерди белекке берди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы