Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Түзөтүү мекемелеринде кармалган адамдарга тыюу салынган буюмдарды киргизүүдө администрациялык айыппул жогорулатылат

21-09-2016
12:41

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” мыйзамга) каралды.

Бул мыйзам долбоору боюнча КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 394-статьясында каралган администрациялык укук бузгандыгы үчүн салына турган айыптын суммаларын көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Бул сунуштар практика көрсөткөндөй, акыркы мезгилде түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлордо кармалган адамдарга тыюу салынган буюмдарды киргизүү күчөп кеткендиги менен негизделет. Мында мурун белгиленген айып төлөө (эки эсептик көрсөткүчкө чейин) аздык кылууда жана ошону менен бирге администрациялык укук бузууларга  алып келип жатат.

Укук бузуулар үчүн айып төлөөнү жогорулатуу - жарандар жана юридикалык  жактар тараптан тартиптин чыңалышын күчөтөт, аны менен  Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун ишинин натыйжалуулугу жогорулайт. Долбоордо жарандарга тыюу салынган буюмзаттарды жана заттарды конфискациялоо менен элүү эсептик көрсөткүчкө, юридикалык жактарга  тыюу салынган буюмзаттарды жана заттарды конфискациялоо менен бир миң эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салуу сунушталууда.

Талкууда депутаттар тыюу салынган буюм-тайымдардын тизмесин такташты. Ошондой эле бул мыйзам долбоорунун иштеп кетүүсү, аракеттеги айыппул менен эле 2015-жылы 2 миңден ашуун тыюу салынган буюм-тайымдар кармалып, 2 миллион сомдон ашуун айыппул чогулгандыгы белгилүү болуп, айыппулдун көлөмүн жогорулатуу маселесин колдоо боюнча пикирлер айтылды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы